Бишкек ШИИББинин кызматкерлери зордуктоо фактысына шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы бүгүн, 22-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 21 жаштагы Нургиза аттуу кыз кайрылган. Анда ал өрттөнүп кеткен эски имараттын ичинен жашы 25-30 чамасындагы белгисиз адам күч колдонуп зордуктаганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1982-жылы туулган Чүй облусунун тургуну кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.