Ажылык сапарда жүргөн кыргызстандыктар алгачкы зыяраттарын жасашты

Ажылык сапарда жүргөн кыргызстандыктар Мадина шаарында алгачкы зыяраттарын жасашты. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдирди. Маалыматта “Мадина шаарына алтынчы жана жетинчи каттамдар менен келишкен жарандарыбыз Ухуд тоосуна, “Куба” жана “Кыблатейни” мечиттерине барып, алгачкы зыяраттарын аткарышты. Кыргызстандан барган зыяратчылар “Харам” мечитине жакын жерге жайгашышты” деп айтылат.

Кыргызстандан быйыл жалпы 3685 адам ажылык милдетин аткарат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан