Ысык-Ата районунун 47 жаштагы тургуну "ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген айымды жарым жылдан бери зордуктап жүргөн" деп шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 22-сентябрда билдирди.
Маалыматтарга караганда, милицияга 39 жаштагы айым кайрылып, анын Ысык-Ата районунда жашаган 37 жаштагы 2-топтогу майып сиңдисин чала тааныш адам зордуктап жүргөндүгүн билдирип, ага карата тиешелүү чара көрүүнү өтүнгөн. Аталган факт боюнча шектүү катары 47 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Алдын ала маалыматтарга караганда, шектүү катары кармалган жаран жарым жылдан бери жабырлануучуну күч колдонуп зордуктап жүргөн. Учурда бардык экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.