Аламүдүн районунда унаа оңдоочу жайдан Ренж Ровер унаасын уурдап качкан жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 22-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын 23 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал 20-сентябрь күнү Лебединовка айылында жайгашкан унаа оңдоочу жайдан Рендж Ровер үлгүсүндөгү унаасын белгисиз жаран уурдап кеткенин айткан.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү делинип Кара-Балта шаарынын 29 жаштагы Р.М. аттуу тургуну кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.