Ош шаардык кеңешинин депутаттары 2012-жылы 75 токтом кабыл алышты
Ош шаардык кеңешинин депутаттары 2012-жылы 75 токтом кабыл алышты. Ошондой эле жыл ичинде шаардык кеңеш катардагы 3, кезексиз 2 сессия өткөрүшүп, анда 57 маселе каралды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирет. Каралган маселелердин 18и жумуштук планда бар болсо, калган 39 маселе пландан сырткары талкууланган. Айта кетсек, Ош шаардык кеңешинде 45 депутат бар.