Балыкчыда контрабандалык жүк кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 22-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 3 жүк ташуучу унаа токтотулган. Аларды текшерүүгө алганда ичинен кытай өндүрүшүнөн чыккан бут кийимдер табылган. Бирок тиешелүү документтерде товар чийки зат катары Кыргызстанга киргизилген. Ошондой эле бажы төлөмдөрү дагы даяр продукт эмес, чийки зат катары төлөнгөн. Учурда бул боюнча бажы жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.