Түп районунун 44 жаштагы тургуну баңгизат сатып жаткан жеринен кармалды

Түп районунун 44 жаштагы тургуну баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 22-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине маалымат келип түшкөн. Анда аталган райондун Кең-Суу айылынын 44 жаштагы Советбек аттуу тургуну баңгизат сатуу менен алектенери айтылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, аталган жаран соодалашып жаткан жеринен кармалган. Анын жанында 615 грамм гашиш болгон. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан