Өткөн жылы Ош шаарына баасы 13 миллион сомдук 2 троллейбус алынып келинген
2012-жылдын 3-октябрында Ош шаарына баасы 13 миллион сомдук 2 троллейбус алынып келинген. Ош шаардык мэриясы билдиргендей, 2002-2009-жылдар аралыгында шаардыктардын 90 пайызы кичи автобустардын кызматынан пайдаланышчу. Акыркы жылдары шаарда троллейбустук каттам менен автобустардын саны өскөндүктөн, кичи автобустардын саны 800гө чейин кыскарды. Шаардагы муниципалдык коомдук унааларда жеңилдиктер менен жүрүүчү жарандарга карата жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнөт. Бул жаатта 2009-жылы 7 миллион сом бөлүнсө, 2010-жылы 14,8 миллион, 2011-жылы 10,7 миллион, 2012-жылы 11 миллион сом бөлүнгөн.