Орусиянын Челябинск шаарынын облустук соту кыргызстандык жаранды 19 жылга эркинен ажыратты

Орусиянын Челябинск шаарынын облустук соту кыргызстандык жаранды 19 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда чет элдик маалымат каражаттары кабарлашууда.

Маалыматтарга караганда, кыргызстандык Василий Новковский өзү айдаган Вольво жүк ташуучу унаасы менен Орусияга жүк ташып жүргөн. Кийин ал белгисиз адамдар менен сүйлөшүп, Кыргызстандан героин баңгизатын алып келмекчи болот. Чек аралардан баңгизатын байкатпай алып өтүп, Самара облусуна карай бараткан жолдо укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалган. Василий Новковскийдин унаасынын тетиктеринен 60 килограмм героин табылган. Челябинск облустук соту аталган жаранды күнөөлүү деп таап, 19 жылга эркинен ажыратканы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ganibal87
2014-09-22 19:07:34
Шору куруйт екеенда бир кап гераны кантип алып отту екен биздеги педофилдерди зоокурлорду ушул сыйактуу камаш керек
+1
edik07
2014-10-01 05:18:02
Ganibal87, аны москвадан корсотуго тажикистандын жараны деп адашбадынарбы админ
0
admin_portal
2014-10-01 10:24:18
edik07, Саламатсызбы!
Бул кабар чет элдик маалымат каражаттары берген маалымат боюнча жазылган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан