Бүгүн, 25-январда 9:00дөн 16:00гө чейин Сокулук районунун Сокулук айылындагы Черемушки, Мичурина, Токтогул, Больничная, Новая, Калинина көчөлөрүндө жана №3-орто мектептин электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасы маалымдады. Аталган аймактардын жарыгынын өчүрүлүшү “Чакан ГЭС”, “ГЭС-5”, “Түндүк электр”, “Рассвет” жана “Сокулук” көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу экени маалым болду.