Жылнаама, 23-сентябрь: Мындан 11 жыл мурун Аскар Акаев “Биринчи мугалим” фильми үчүн орусиялык кинорежиссёр Андрей Кончаловскийге “Данакер” сыйлыгын тапшырган

* Мындан 91 жыл мурун, 1923-жылы акын жана котормочу Түмөнбай Байзаков Ош облусунун Сузак районуна караштуу Бөкөй айылында туулган. Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайында окуп жаткан жеринен Грозный шаарындагы аскердик окуу жайына жөнөтүлгөн. Андан согушка кирип, катуу жарадар болуп, өз жерине кайтып келген. Анын "Паризат" аттуу ырлар жыйнагы 1958-жылы жарык көргөн. Кийин анын көптөгөн ырлар жыйнагы кыргыз жана орус тилдеринде, котормолору өзүнчө китеп болуп чыккан. Барпы Алыкуловдун ырларын жыйноодо анын чоң салымы бар.
 
* Мындан 11 жыл мурун, 2003-жылы Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев “Биринчи мугалим” фильми үчүн орусиялык кинорежиссёр Андрей Кончаловскийге “Данакер” сыйлыгын тапшырган. Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде 1965-жылы тартылган 102 мү­нөттүк “Биринчи мугалим” фильми 1923-жылдагы кыргыз элинин алыскы айылдарынын биринде болуп өткөн окуяны камтыган.
* Мындан 12 жыл мурун, 2002-жылы Германиянын канцлери Герхард Шрёдер АКШнын президенти Жорж Бушту Гитлерге теңегендиги үчүн юстиция министринин отставкага кетерин жарыялаган. Министр Герта Дойблер-Гмелин Американын тышкы саясий ишмердүүлүгүн сындап, Иракта болуп жаткан согуш америкалыктарды ички маселелерден алаксытарын айткан. Ал "Буш өзүнүн ички маселелеринен четтегиси келип жатат. Бул классикалык тактика. Мындай тактиканы Гитлер колдончу" деген.
23-сентябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан