Бүгүн, 22-сентябрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын астында "жалгыз митингчи" делген
Өндүрүш Токтонасыров кезектеги нааразычылык акциясын уюштурду. Эгер ал буга чейин нааразычылыгын жалгыз билдирип келсе, бул жолу активист пикирлеши менен келди.
Ө.Токтонасыров бул митингинде "Бек Борбиевдин концертине кош келипсиздер!" жана ошол эле учурда "Филармония менчик эмес! Зал бошотулсун!" деген плакаттары менен чыкты.
Анын айтымында, Кыргызстандын бийлиги Б.Борбиевге концерт өткөрүүгө уруксат берип, өзүнүн эки жүздүүлүгүн көрсөтүп жатат. Ал эми буга чейинки акциясында Токтонасыров ырчыны
"КРнын Эмгек сиңирген артисти" жана "Рыспай Абдыкадыров атындагы сыйлыктын лауреаты" наамдарынан ажыратуу талабы менен чыккан.Айта кетсек, учурда филармонияда Бек Борбиевдин чыгармаларын аткаруучулардын арасында “Делбирим” аттуу сынак өтүп жатат.