Токтогул шаарында мас айдоочу жол кырсыгына кабылып, 3 унааны сүздү

Кечээ, 22-сентябрда Токтогул шаарындагы Сүйөркулов көчөсүндө Хонда Сабер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мас абалда 3 унааны сүзүп алган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 23-сентябрда билдирди.

Маалыматтарга караганда, айдоочу рулду башкара албай, дагы бир Хонда-Сабер үлгүсүндөгү унааны жана Фольксваген Пассат, Хонда Фит үлгүсүндөгү унааларды сүзгөн.

Токтогул шаардык КРнын ӨКМнын №97-адистештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жеңил жаракат алган жүргүнчү, 2001-жылы туулган Б.Айданага алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, райондук ооруканага жеткиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан