Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 1 адам каза тапты

Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 1 адам каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 23-сентябрда билдирди.

Маалыматтарга караганда, Бишкек-Ош жолунун 226-чакырымында Мерседес Спринтер жана Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаалар сүзүшүп, натыйжада 5 адам жабыркап, 1 адам каза болгон.

Токтогул шаардык КРнын ӨКМнын адистештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, каза болгон адамдын денесин райондук оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан