Пара алып жаткан жеринен Чүй райондук сотунун башкы сот аткаруучусу кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы, бүгүн, 23-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, кармалган сот аткаруучу М.Н. соттук чечимдер боюнча төлөмдөрдүн мөөнөтүн узартуу үчүн 60 миң сом талап кылган. Учурда “опузалап пара талап кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бирок Аламүдүн райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган.