Бүгүн, 23-сентябрда “Жарандардын биометрикалык маалыматтарын каттоо” жыйынында КРнын Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алина Шаикова: “Биометрикалык маалыматтарды тапшырган жарандарга мамлекеттик тейлөөлөрдү алуу жеңилдетилет”,- деп билдирди.
Анын айтымында, биометрикалык маалыматтардын реестри (каттоо тизмеси) пенсия алуу, паспорт алуу, айып пул төлөө жана башка мамлекеттик тейлөө менен камсыздоо учурда кезексиз өтүүгө шарт түзөт. “Мындан улам жаран тез жана эч кандай кошумча текшерүүсүз тейлөөнү ала алат”,- деди Шаикова.