Баткенде 23 жаштагы куткаруучу өз үйүндө асынып алды

Баткенде куткаруучу каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 23-сентябрда SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 22-сентябрь күнү саат 11:30 чамасында болгон. Анда Издөө-куткаруу отрядынын экинчи мобилдик куткаруу тобунун контракттык кызматтагы куткаруучу-нускоочусу, 1991-жылы туулган кенже сержант Эрмек Асланов өргүүдө жүргөн жеринен өз үйүндө асынып алган. Мунун кесепетинен куткаруучу каза тапкан. Азыркы убакта окуя боюнча Баткен шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө тобу тарабынан иликтөө иши жүргүзүлүп жатат.

Айрым өздүк булактардын маалыматына караганда, маркумдун асынып алышына сүйлөшкөн кызы менен болгон келишпестиктер себеп болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
GUMU
2014-09-23 11:28:47
женил ойлуулук, эртен эле ал кыз башканы таап уй-булоолу болот!!! Озу жана ата-энесине гана жаман. ушундай женил ойго бараарда толук ойлонуп корушсо. (тфу-тфу)
+11
aybekerlan
2014-09-23 12:35:43
Тооба кылдым, 2-3 балалуу болуп да өзүн-өзү өлтүргүсү келген айбандар бар.
-2
Zarema94
2014-09-23 15:33:18
Ой тобо0о жигиттер,андай т0м0н денгээлге тушп0гул0. Ал кыз эртен эле эч нерсе болбог0нд0й уй-бул0 куруп кетет
0
Begayym.bayzakova.93
2014-09-23 22:58:48
Эч кандай суйлошкон кызынын айынан эмес тобаа супер инфо ал маалыматты кайдан алдынар? Бул жон гана оору экен озу ошондой оору баркен ал алдын эле сезген экен апасына мени окутуп коюнуздар деп жургонкен.
0
admin_portal
2014-09-24 10:47:43
Begayym.bayzakova.93, Саламатсызбы!
Кабарда "Айрым өздүк булактардын маалыматына караганда" деп жазылган.
0
Begayym.bayzakova.93
2014-09-23 23:04:36
Жаткан жери жайлуу болсун! Жакшыыы бала эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан