Айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу Мамлекеттик асыл тукум селекциялык борборунун жетекчиси 50 миң сом пара бергендиги үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы бүгүн, 23-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, аталган борбордун жетекчиси Баялин Байтемиров "көп жыл эмгек кылгандыгы үчүн" деп эмгек акысынан тышкары кошумча акча каражатын алып келген. Бул көрүнүш мыйзамсыз экени аныкталганда Байтемиров УКМКнын кызматкерине маселени оң жакка чечүү үчүн 50 миң сом сунуштаган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө борбордун жетекчиси пара берип жаткан жеринен кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.