Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 23-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, 2013-жылдын ноябрь айында аталган башкармалыктын кызмат адамдары Д.И. аттуу жаран менен жер тилкесин төмөндөтүлгөн баада ижарага берүү боюнча эки тараптуу келишим түзшкөн. Бирок 2014-жылдын июль айындагы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү учурунда фактылар аныкталып калат деген кооптонуулар менен кызматкерлер келишимди алмаштырып коюшкан.

Учурда “кызмат абалынан пайдалануу” жана “кызматтык жасалмачылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан