Ош шаардык мэриясына шаардагы үйлөнүү тойлору боюнча ата-энелерден арыз түшкөн. Алар тойлордо көчөгө чыккан автоунаалардын санын азайтуу зарылчылыгын айтышкан. Буга байланыштуу Ош шаардык кеңешинин депутаттары 2012-жылдын декабрь айында үйлөнүү тоюнда көчөгө чыккан автоунаалардын саны төрттөн ашпоосу керектиги тууралуу токтом кабыл алышкан. Бул токтомдун негизинде азыр шаарда МАИ кызматкерлери тарабынан катуу көзөмөл жүргүзүлүп жатат. “Эгер тойго жалданган унаалардын саны төрттөн ашса, анда той ээлери административдик жазага тартылышат”,- деп билдирди Ош шаардык жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын маалымат кызматы.