Жалал-Абаддагы Жылуулук менен камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси кызмат абалынан пайдаланып, ири суммадагы акча уурдагандыгы аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 23-сентябрда билдирди.
Алынган маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун аталган мекемесинин жетекчилиги 2013-жылы жеке ишкерлер менен сүйлөшүп, расмий документтерди жасоо аркылуу республикалык бюджеттен 2 миллион сомго жакын акчаны мыйзамсыз түрдө өздөрүнө чегерип алышкан. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.