Талас районунун Көк-Кашат айылында убада кылынган мектеп кийинки жылы толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Билим берүү жана илим министрлигинин Инфраструктура жана мамлекеттик сатып алуулар секторунун башчысы Бакыт Кадыркулов SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, Көк-Кашат айылындагы 375 орундуу мектеп 2 жыл мурун башталган. Бүгүнкү күнгө чейин курулуш иштеринин бүтпөй жатышына акча каражаттарынын убагында бөлүнбөгөнү себеп болууда.
“Мектептин жалпы сметалык баасы 75,5 миллион сом. Буга чейин мектептин дубалы тургузулуп, чатыры жабылган. Быйылкы жылга бюджеттен 12 миллион сом бөлүнгөн. Кийинки жылга 33 миллион сом бөлүү пландаштырылууда. Кудай буюрса, 2015-жылдын 1-сентябрына толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет”,- деди Бакыт Кадыркулов.
Айта кетсек, буга чейин SUPER.KG порталына аталган айылдын тургуну кайрылып, анда ал 2 жыл мурун убада кылынган мектеп бүтпөй, окуучулар ар тарапта окуп жатышканын айткан.