Кыргызстандык “Азия Микс” КВН командасы Орусиянын Сочи шаарында өтүүчү эл аралык “КиВиН-2013” фестивалынын гала концертине катышууга укук алды. Бул тууралуу эл аралык КВН биримдиги жарыялады. Айта кетсек, 23-24-январда аталган фестивалдын 2-айлампасына 97 команда чыгып, анын ичинен 20 команда кийинки баскычка өтүшкөн. Алардын арасында Орусиянын 17 жана Кыргызстан, Казакстан, Украинанын бирден командалары бар.