Жол кырсыгына кабылган милиция кызматкерлери мас абалында болушкан эмес

Жол кырсыгына кабылган милиция кызматкерлери мас абалында болушкан эмес. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 23-сентябрда SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка караганда, 21-сентябрь күнү саат 21:40 чамасында Ж.Пудовкин көчөсү менен М.Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталган. Анда Бишкек ШИИББине тиешелүү унаа менен 25 жаштагы Адилеттин башкаруусундагы Ауди А6 унаасы сүзүшкөн. Анын кесепетинен патруль унаасынын ичиндеги 2 милиция жана 1 жол-кайгуул кызматкери жабыркап, ооруканага жеткирилген. Ал эми айрым массалык маалымат каражаттары ошол учурда милиция кызматкерлеринин мас абалында болушканын жазып чыгышкан.

“Бул боюнча материалдар топтолуп, экспертиза дайындалды. Бирок кызматкерлер мас абалында болушкан эмес. Сопсоо эле, “маягын” жандырып алышып, жумушка бара жатышкан. Бул учурда айдоочулар жол бошотуш керек болчу”,- деди Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
OTYPBARATYPELEEE
2014-09-23 17:31:39
Карга карганын козун чукумак беле :-)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан