Токмок шаарынын тургунун чак түштө уруп-сабап, 50 миң сомун алып кетишкен жарандар кармалды

Токмок шаарынын тургунун чак түштө ур-токмокко алып, тоноп кетишкен жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 23-сентябрда билдирди.

Маалыматтарга караганда, Токмоктогу Жантаев көчөсүнөн мас абалындагы 2 жаран жергиликтүү тургунду эч себепсиз ур-токмокко алып башташкан. Кийин аны бөтөлкө менен башка чаап, чөнтөгүндөгү 50 миң сомун тартып алышкан. Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, аз өтпөй аталган кылмышты жасагандар милиция тарабынан кармалып, камакка алынышкан. Иликтөөдө шектүү болгон жарандар күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алышканы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан