Биз социалдык тармакта

Москвада өрт кырсыгынан улам каза болгон кыргыз жарандарынын сөөгү бүгүн Кыргызстанга жөнөтүлөт

Бүгүн Москвада өрт кырсыгынан улам каза болгон кыргыз жарандарынын сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт кырсыгынан 1994-жылы туулган Эрлан Абдыкаров жана Анваржон уулу Баяман, 1988-жылы туулган Урмат Токтосунов жана анын жубайы Айжаркын (фамилиясы такталууда) каза болгон.

Жабыркаган Кожоназар Арзыматов жана Гүлназ Өкүмалиеванын абалы дале оор.

Айта кетсек, буга чейин Москвадагы көп кабаттуу үйдүн 7-кабатынан өрт чыгып, анда кыргызстандык 4 адам каза болуп, 6 адамдын жабыркаганы айтылган эле.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nuri-Alina
2014-09-23 17:22:38
Минеден келип чыккан
0
Kykesh
2014-09-23 17:23:52
Аттин
0
mahabat.
2014-09-23 19:39:41
чыр чатак чыгып адам олтурулгон экен.кылмышты жашыруу учун атайын орт чыгарган экен.
+1
Sarabanda
2014-09-24 15:52:28
mahabat., далилин барбы?
0
ronni07
2014-09-24 16:30:00
Dostorubuzdu akyrky saparga uzattyk :'(
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан