Бир айда жатак абагынан качып кеткен 70 адам кармалды

Бир айда жатак абагынан качып кеткен 70 адам кармалды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы бүгүн, 23-сентябрда SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күнү 1990-жылдан бери жатак абагынан качып жүргөндөр 2000ге жакын. Алардын айрымдары атын өзгөртүп алышса, айрымдары чет өлкөгө чыгып кетишкен.

“Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жана күч органдары менен биргеликте республиканын бардык аймагында жатак абагынан качып кеткендерди издөө операциясы жүрдү. Анын жыйынтыгында бир ай ичинде 70 адам кармалды. Мындай иш-чара дагы да улантылат”,- деди Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы.

Айта кетсек, жатак абагында соттолуучулар ээн-эркин жүрө алышат. Көбүнчө ал жакта жабык мекемеден чыккандар жана күнөөсү жеңил адамдар кармалат. Учурда Кыргызстан боюнча 14 жатак абак бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан