Жылнаама, 24-сентябрь: Мындан 16 жыл мурун Франциянын Лион шаарында алгачкы жолу адамдын колу трансплантацияланган

* Мындан 45 жыл мурун, 1969-жылы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Заманыбыздын супер ырчысы" наамынын ээси, обончу жана аткаруучу Бек Борбиев Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы эски Токтогулда туулуп, Торкен айылында чоңойгон. 1986-жылы Фрунзедеги Политехникалык институттун инженер-жол куруучу факультетине тапшырган. Кийин Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик архитектура, курулуш, транспорт университетин бажы тармагы боюнча жана Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтун бүтүргөн. Ырчы 1990-жылдары "Тазасы барбы?", "Делбирим", "Замандаш", "Шерине" жана башка ырлары менен эл оозуна алынган. Бек Борбиев - КРнын Эмгек сиңирген артисти, Р.Абдыкадыров атындагы сыйлыктын ээси.
 
* Мындан 9 жыл мурун, 2005-жылы “Манас” Эл аралык аэропортунда орун алган америкалык аскер күчтөрүнө караштуу учкучтар Чүй облусуна 80 миң тонналык күйүүчү майларды төгүшкөн. Кыргызстандык эколог адистердин маалыматына караганда, учкучтардын мындай аракети облустун жүздөгөн гектар жерлерине зыян келтирген.
* Мындан 68 жыл мурун, 1946-жылы советтик жана орусиялык актриса Наталья Аринбасарова Москва шаарында аскер кызматкеринин үй-бүлөсүндө туулган. 1964-жылы Академиялык хореографиялык училищени аяктаган. Наталья бул окуу жайды бүтөр жылы аны орусиялык режиссёр Андрей Кончаловский Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартыла турган "Биринчи мугалим" тасмасындагы Алтынайдын ролуна тандаган. Кино тартуу убагында режиссёр экөөнүн ортосунда сүйүү тутанган. Ал сүйүүнүн аягы Егор аттуу балалуу болгондон кийин ажырашуу менен аяктаган. Актриса экинчи жолу биринчи жолдошу Андрейдин досу, сүрөтчү Николай Двигубскийге турмушка чыккан. Бирок аны менен да түбөлүктүү боло алган эмес. “Биринчи мугалимден” кийин атактууга айланган актриса кайра эле Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган “Жамийла” тасмасында Жамийланын ролун аткарган.
* Мындан 16 жыл мурун, 1998-жылы Франциянын Лион шаарында алгачкы жолу адамдын колу трансплантацияланган. Жаңы зеландиялык Клинт Халам аттуу адам тактай тилүүчү станокко бир колун алдыртып алат. Франциялык трансплантолог Жан-Мишель Дюбернар Клинт Халамга башка кол тагуу боюнча операция жасап, ал ийгиликтүү өткөн. Бирок оорулуу дарыгер жазган атайын дарыларды ичпей койгондуктан, жаңы салынган кол жаңы денеде жашап кете алган эмес. Ошол себептен Клинт Халамдын суранычы менен 2001-жылы дарыгерлер жаңы салынган колду алып салууга мажбур болушкан.
24-сентябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан