Кочкордогу бут кийим тигүүчү фабрикада иштеген кытай жараны мас абалында жаш келинди ашкана бычагы менен коркутуп, зордуктоого аракет кылган. Бул тууралуу Кочкор айылынын Руслан аттуу тургуну бүгүн, 23-сентябрда билдирди.
Анын айтымында, бул окуя мындан бир жума мурун болгон. Жаш келин жумуштан чыгып калам деп коркуп, окуя боюнча милиция кызматкерлерине кайрылган эмес.
“Негизинен фабрикада жумушчулардын жарымы кыргыздар болмок. Бирок эмнегедир көпчүлүгү кытайлар. Тигилген бут кийимдер да кайда кетери белгисиз. Кытай жумушчулары дайыма мас абалында жүрүшөт. Жогорудагыдай иштерди жетекчилик сыртка чыгарбай, жаап-жашырып коёт экен”,- деди тургун.