Жалал-Абад облусундагы район, шаарларда жыл жыйынтыгы чыгарылып, жыйындар өтүүдө. 23-январда Базар-Коргон району, 24-январь күнү Токтогул жана Аксы райондору жыл жыйынтыгын чыгарган иш-чараларды өткөрүштү. Бүгүн, 25-январда Сузак, Ала-Бука райондору жана Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарлары жыл жыйынтыгын чыгарышат. Ал эми 28-январда Ноокен районунда өтүшү күтүлүүдө. Бул иш-чараларга өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Жусубали Төрөмаматов, анын орун басары Жумагүл Эгамбердиева жана тиешелүү бөлүм башчылар, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышууда. Ал эми облус боюнча жалпы жыл жыйынтыгы 29-январь күнү өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратында өтөт.