Бүгүн Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгында Мамлекеттик тил майрамына арналган Ачык эшиктер күнү өттү

Бүгүн Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгында Мамлекеттик тил майрамына арналган Ачык эшиктер күнү өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 23-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүнкү өткөрүлгөн иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, студенттер, мектеп окуучулары катышышты. Иш-чаранын алкагында, укук тартибин сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, жаман жосундарга барбаш керек экендиги айтылды. Ошондой эле жаш инспекторлордун көнүгүүлөрдү кыргыз тилинде көрсөткөндөрү жана Кинология борборунун кызматтык иттери менен наркотикалык заттарды жана курал-жарактарды табууда буйрутмалар кыргыз тилинде берилгени көрүүчүлөрдүн купулуна толду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан