Кыргызстандын туңгуч жетекчиси Иманалы Айдарбеков атындагы Тарыхый-маданий борбор ачылат. Бул тууралуу И.Айдарбеков атындагы коомдук фонддун жетекчиси Зифаргүл Айдарбекова кечээ, 23-сентябрь күнү маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, И.Айдарбеков атындагы Тарыхый-маданий борборду Байтик айылына куруу пландаштырылып жатат. Борбор тарыхый-маданий мурастарды жана социалдык-агартуучулук маанини чагылдырган курулмалар комплексин, билим берүү комплексин, дүйнөлүк стандарттагы спорттук шаарча жана парк зоналарын ичине камтыйт.