Токтогул районундагы жол кырсыгынан 5 адам каза болуп, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 24-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 23-сентябрь күнү саат 16:28 чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун 300-чакырымында оор жүк ташуучу унааны Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаа артынан келип сүзүп алган. Жол кырсыгынын кесепетинен Хонда Одиссей унаасындагы 5 адам каза болуп, 3 адам жабыркаган. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарып беришкен. Жабыркагандар Токтогул райондук ооруканасына, каза болгондор Токтогул райондук өлүк сактоочу жайга жеткирилген.