Кочкор районунун Кубакы ашуусунда жүк ташуучу унаа кырсыкка кабылды

Кочкор районунун Кубакы ашуусунда жүк ташуучу унаа кырсыкка кабылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 24-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 23-сентябрь күнү саат 21:10 чамасында катталган. Анда жүк ташуучу Мерседес Гигант унаасынын алдынкы дөңгөлөгү жарылып, мындан улам ала салып кеткен. Кырсыктын кесепетинен айдоочу жеңил жаракат алган. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, автоунаанын айдоочусу, 1975-жылы туулган Руслан Шаршеновго биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.

Унаанын ичинде 20 баш кой, 400 литр солярка, 1 тонна арпа болгон. 5 кой өлүп, 15 кой токой аралап жок болуп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан