Ноябрь айынан тарта аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдарга берилүүчү жөлөк пулдун суммасы 705 сомго чейин артат

Үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрынан тарта аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдарга берилүүчү жөлөк пулдун суммасы 705 сомго чейин артат. Учурда жөлөк пулдун суммасы 640 сомду түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

“Республикалык бюджеттин тартыштыгына карабай бул демилге өкмөт тарабынан колдоо тапты” деп кошумчалашат министрликтен.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында 115 миң үй-бүлө балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлө катары катталып, жөлөк пул алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
suimon302010
2014-09-24 10:51:07
Аябай кыйратыпсынар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан