Бүгүн, 25-январда Кыргызстандын "Тамашоу" курама командасынын Орусиянын Сочи шаарында өтүп жаткан эл аралык “КиВиН-2013” фестивалынын гала концертине катышуусу же катышпай тургандыгы белгилүү болот. Бул тууралуу аталган команданын өкүлдөрү билдирди. Аталган фестивалдын жүрүшүндө, тактап айтканда, 23-январда 498 команданын ичинен 97си экинчи айлампага өткөн, алардын ичинде "Тамашоу" курама командасы да бар.