Ош шаарында мыйзамсыз курулуштардын саны арбын. Бул ирет шаардагы С.Киров мектебинде жеке ишкерлер тарабынан курулуп жаткан футболдук аянтча да мыйзамсыз экенин Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын орун басары Муктар-Али Шамшиев тастыктады.
Анын айтымында, аталган башкармалык тарабынан курулушка уруксат берилген эмес: "Бул футболдук аянтча биздин уруксатыбызсыз курулуп жатат. Ал окуу жайга тийиштүү жерде курулуп жаткандыктан, уруксат кагаздарын алып келүү боюнча эки жолу билдирүү жөнөткөнбүз".
Бул курулуш иштери боюнча вице-мэр Жапар Ормонов: "Бул курулуш мыйзам жолунда курулуп жатат. Ошондуктан аянтчага жергиликтүү бийликтен 150 миң сом бөлүп бергенбиз”,- деди.