Бишкекте дагы бир жаран өзүн өзү өрттөдү

Бишкекте дагы бир жаран өзүн өзү өрттөдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 24-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 23-сентябрь күнү саат 12:50 чамасында өрт өчүрүүчүлөргө маалымат келип түшкөн. Анда М.Ганди көчөсүндөгү турак үйлөрдүн биринин жашоочу, 1978-жылы туулган Руслан Асыпбаевдин бензин чачып өзүн өзү өрттөгөнү айтылган. Өрттүн кесепетинен ал жаран бетинен, колунан I даражадагы күйүк алган. Учурда ал ооруканада.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жабырлануучунун мындай жолго барышына туугандары менен болгон үй талашуу себеп болгон.

Айта кетсек, буга чейин дагы Бишкектеги таштанды таштоочу жайда 39 жаштагы айымдын өзүн өзү өрттөп каза тапканы айтылган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aitolkun91
2014-09-24 12:38:08
Кудай сакта эмне эле болуп баратат тушунбойсун
+1
aibek92
2014-09-24 13:46:09
мода окшойт
+2
jypawra
2014-09-24 17:06:56
эми эмне дейсин, жанынан тойгондо ушундай жол менен туболук тынчтыкка кетем деп кыска ойлоп минтип майып болуп жатат
+1
jypawra
2014-09-24 17:07:56
эми озуно гана кыйын болот да, туугандары да уй талашып жатса карамак беле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан