Ат-Башы районунда 3 тоо теке, 20 суурду мыйзамсыз аткан мергенчи кармалды

Ат-Башы районунда 3 тоо теке, 20 суурду мыйзамсыз аткан мергенчи кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан бүгүн, 24-сентябрда кабарлашты.
Маалыматтарга караганда, Нарын чек ара отрядынын аскерлери, Ат-Башы районунда мергенчилик кылып жүргөн эч кандай документтери жок жаранды кармашкан. Анын унаасынан атылган 3 тоо теке, 20 суур табылган. Текшерүүлөрдө аталган жарандын мергенчиликке уруксат берген эч кандай документтери жок экени аныкталды. Чек арачылар кармалган адамды укук коргоо органдарына өткөрүп беришти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан