Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы: "Коопсуздук агенттигинин жетекчисинин өлүмү жана 1,5 миллиондон ашык доллардын уурдалышы боюнча иликтөө башталды"

Коопсуздук агенттигинин жетекчисинин өлүмү жана 1,5 миллиондон ашык доллардын уурдалышы боюнча иликтөө башталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 24-сентябрда билдирди.

Ага ылайык, 23-сентябрда Панфилов көчөсүндө ок атышуу орун алган. Бул тууралуу милицияга кабарланып, укук коргоо органдары окуя болгон жерге келишкен. Ал жерден Макаров тапанчасынын огунун 6 гильзасы, 1 патрону жана травматикалык куралдын 10 гильзасы табылган.

Белгилүү болгондой, аталган ок атышууда белгисиз адамдар коопсуздук агенттигинин 45 жаштагы жетекчисин атып өлтүрүп, дагы эки кызматкердин бирин катуу ур-токмокко алып, экинчисин ок атуучу курал менен атып жарадар кылышкан соң, инкассатор унаасындагы 1,5 миллиондон ашык АКШ долларын алып из жашырып кетишкен. Кол салган кылмышкерлер кызыл түстөгү Гольф-3 унаасы менен болушкан.

Учурда жаракат алган эки кызматкер ооруканада. Окуянын чоо-жайы иликтенип жатканы маалым болду. Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган агенттик жеке ишкерлерге инкассаторлук кызмат көрсөтүп келишкен. Учурда кылмыштын бетин ачуу үчүн ыкчам аракеттер көрүлүүдө.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dadasdasd
2014-09-24 12:11:20
Кудай сактасын.
0
edu.kg
2014-09-24 12:52:57
бир нерсеси бар да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан