Кечээ, 23-сентябрда Жайыл районундагы “Сосновка” өткөрүү бекетинде жүрүп жаткан рейддин жүрүшүндө укук коргоо кызматкерлери тарабынан Инфинити үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, анын ичинен нускасы 1000ге барабар баракчалар табылган. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда КРнын ИИМинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, унаадан табылган баракчалар провокациялык мүнөздөгү тексттерди камтыгандыктан, милиция кызматкерлери аларды алышып, экспертизага жөнөтүшкөн. Ал эми токтотулган унаанын ичинде болгон жарандык активисттер: “Эркин эл” саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков жана “Кырк чоро” коомдук бирикмесинин лидери Замирбек Көчөрбаевге карата административдик акт түзүлгөн соң алар бошотулушкан.
“Биздин баракчаларыбыз эч кандай провокациялык мүнөздө эмес болчу. Аларда Кыргызстанда көйгөйлүү болуп жаткан маселелер гана чагылдырылган. Мисалы, Ошто газдын жок болушу, электр энергиянын жана унаалардын кымбатташы, "криминалдык авторитет" Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча маселелерди көтөрүүнү ниеттенгенбиз”,- деп SUPER.KG порталына М.Аскарбеков билдирди.
Кошумчалай кетсек, аталган жарандык активисттер 27-сентябрда Таласта өлкөдөгү көйгөйлөргө байланыштуу курултай өткөрүүнү пландап жатканы айтылып келген. Анда электр энергия, күйүүчү май, коррупция, криминалга байланышкан социалдык-экономикалык олуттуу маселелер талкууланат.