Кол күрөш боюнча (армрестлинг) 14-21-сентябрь аралыгында Литвада өткөн Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандыктар 5 медаль утуп келишти. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда маалымат жыйынында аталган спорт түрү боюнча федерациянын өкүлдөрү маалымдашты.
Маалым болгондой, Дүйнө чемпиондугуна 46 мамлекеттен 920 спортчу катышты. Кыргызстандын атынан мелдешке 10 спортчу катышып, 5 медаль утуп келишти. Командалык эсепте Орусия биринчи орунду ээлесе, Украина менен Казакстан кийинки орундарды өз ара бөлүшүшкөн. Кыргызстан курамасы болсо 18-орунга илинди.
Кыргызстандын курамынан Чынгыз Мамакеев 65 килограмм салмакта 18 жаштан 21 жашка чейинки курактагы спортчулар арасында алтын медаль утуп алды. Ал эми Евгений Лукьянов (110 килограмм салмакта) менен Александр Ли күмүш медалдарды багындырышты. Кыз-келиндер арасында жалгыз гана Ольга Ярославцева байгеге илинип, 1 коло, 1 күмүш медалга ээ болду.