Өкмөт Москвада өрт кырсыгынан улам каза болгон кыргыз жарандарынын сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү чыгымдарын төлөп берет

КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Москвада өрт кырсыгынан улам каза болгон кыргыз жарандарынын сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү чыгымдарын төлөп берет. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы бүгүн, 24-сентябрда билдирди.

Ошондой эле министрлик терең кайгыруу менен маркумдардын жакындарына көңүл айтат.

Айта кетсек, 19-сентябрдагы өрт кырсыгынан 1994-жылы туулган Эрлан Абдыкаров жана Анваржон уулу Баяман, 1988-жылы туулган Урмат Токтосунов жана анын жубайы Айжаркын (фамилиясы такталууда) каза болгон. Жабыркаган Кожоназар Арзыматов жана Гүлназ Өкүмалиеванын абалы дале оор.

Буга чейин Москвадагы көп кабаттуу үйдүн 7-кабатынан өрт чыгып, анда кыргызстандык 4 адам каза болуп, 6 адамдын жабыркаганы айтылган эле.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
aidai88
2014-09-24 13:39:48
Жаткандардын жери жайлуу болсун, Ооруп жаткандарга,дардын берген кудайым шыпаасын да кошо бергсин. Ар бир адамга жаратканым озу ыйман,ынсап,бекем ден соолук берсин.Бийлик окулдорунун берген убадалары кагаз бетинде,тил учунда калып кетпей толугу менен иш жузундо аткарылышына тилектешмин.
+4
kamarik
2014-09-24 13:48:52
керек болсо жардам бериш керек акчалай
+1
aziko88
2014-09-24 14:22:18
Ушуга Атамбаев конул айтты деген жанылык окубадым уят Путин болгондо акчалай жардам бермек.
-1
origami
2014-09-24 15:30:34
Бугун эрте менен Ошко жеттиришти,эртен тажиялары болот экен.Эх кандай кана окунучтуу......
+1
Ibragim864
2014-09-24 15:58:55
Ушундайда жардам бербесе,анда министирликтин эмне кереги бар.Жараткандын буюругу экен,каза болгондордун жаткан жерлери жайлуу болсун,жакындарына сабыр-канаат берсин.Жараат алгандарга шыпаа берсин.Мекенинен алыс жерде,сапарда жургон жердештерибизди Аллах озу сактап,аманчылык саламатчылык берсин!
+6
janul
2014-09-25 09:23:48
Жакындарына конул айтам. Ушул Атамбаевде кыпынчалык дагы мээрим жок экен, конул айтууга да жарабады. Кандай заманга кептелип жатабыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан