Казакстандын Алматы облусунда өлкөнүн Коргоо министрлигинин Су-27 аскердик учагы кулап түштү. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда Казакстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы чет элдик ММКларга билдирди.
Маалыматта "23-сентябрь күнү саат 23:00дө аскер учагы менен болгон байланыш үзүлүп, бир нече убакыттан соң Коксуск районундагы Жаналык айылына жакын аймакка кулап түшкөн. Учак ичинде экипаж мүчөлөрү: подполковник Е.Ж.Науанов жана подполковник Д.И.Горбунов болгон. Бирок алар кырсык болгон жерде жок болууда" деп айтылат.
Учурда кырсык болгон жерде издөө иштери жүрүп жатат.