Орусия аркылуу Америкадан Өзбекстанга жана Кыргызстанга алынып келе жаткан тоок эттери боюнча иш козголду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар бүгүн, 24-сентябрда кабарлашууда.
Маалыматтарга караганда, Орусиянын Бажы кызматы Германия, Нидерланды, АКШдан Кыргызстанга жана Өзбекстанга алынып келе жаткан 1,5 миң тонна тоок этин текшерүүгө алышкан. Текшерүүнүн жыйынтыгында аталган азык-түлүктөрдүн таңгактарынын сыртындагы маалыматтар ветеринардык сертификаттарга жооп бербей тургандыгы аныкталган. Ошондой эле тоок эттеринин айрымдары бузулуп баштаган.
Аталган факт боюнча "Орусия Федерациясынын жана Бажы союзунун аймагында товарларды киргизүүгө коюлган чектөөлөрдү сактабай коюу" беренеси боюнча иш козголду.