Кыргызстан менен Түркиянын күч органдарынын башчылары Аскер институтунун инфраструктурасын куруу маселесин талкуулап жатышат

Бүгүн, 24-сентябрда КРнын мамлекеттик резиденциясында КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев Түркиянын улуттук коргоо министри Исмет Йылмаз менен жолугушуу өткөрүүдө.

Аталган штабдын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда кыргыз-түрк эки тараптуу аскердик кызматташуусунун бир катар маселелери талкууланып жатат. Мындан тышкары КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунун инфраструктурасын куруу жана анын материалдык-техникалык базасын камсыздоо, мындан ары окутуучуларга жана кеңешчилерге колдоо көрсөтүү тууралуу маселени дагы козгоп өтүшөт.

Бул маселелердин жүзөгө ашырылышы үчүн эки тараптын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабдарынын иш-аракети, камсыздоо жана натыйжалуу башкаруу боюнча адистердин биргелешкен жолугушууларын уюштуруу жөнүндө сунуштар киргизилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан