Нарын районундагы Чалкак кичи жайлоосунда кытайлык фирманын жез казуусуна тургундар катуу каршылык көрсөтүүдө. Мындай маалыматты бүгүн, 24-сентябрда Нарын районунун Жан-Булак айылынын тургундары SUPER.KG порталына кабарлашты.
Алардын билдиргенине караганда, Чалкак кичи жайлоосунда жез бар экени аныкталган. Жер аталган айыл өкмөттүн карамагында. “Айылга келе турган экологиялык зыяндардан улам биз каршы болуп жатабыз. Фирма болсо түрдүү сунуштарды айтып, кагаздарды таратып жатат. Биздин билишибизче, бир канча кишинин колу коюлган соң жез казууга уруксат берилет. Элдин көбү буга каршы”,- деп билдиришти тургундар.
Ал эми өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө байланышып, ушундай маселе болуп жатканынан кабар алдык. “Негизи, айыл өкмөттүн карамагындагы жерге айыл өкмөтү өзү жооптуу. Аталган жайлоодо жайгашкан Ала-Мышык чокусунда жез бар экени Совет мезгилинде эле аныкталган. Фирма айыл тургундары уруксат бергенге чейин ишин баштай албайт. Ошондуктан фирма менен айыл тургундары эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анан жыйынтык чыгарышат”,- деп билдиришти өкүлчүлүктөн.