Асанбек Алымкожоев: "Биз үчүн Түркиянын аскердик тажрыйбасы маанилүү"

Бүгүн, 24-сентябрда КРнын мамлекеттик резиденциясында КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев Түркиянын улуттук коргоо министри Исмет Йылмаз менен жолугушуу өткөрүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө А.Алымкожоев буга чейин да Түркиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы менен жолугушуу өткөргөнүн эскертти. “Анда биз бир топ долбоорлор боюнча макулдашканбыз. Алар учурда ийгиликтүү ишке ашырылууда”,- деди ал.

“2013-жылдын июнунда Кыргызстанда аскердик доктрина кабыл алынган. Ага ылайык, Башкы штаб түзүлгөн. Ошондуктан биз үчүн Түркиянын аскердик тажрыйбасы маанилүү”,- деп кошумчалады Алымкожоев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан