Аксыда былтыр катталган адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу ИИМден бүгүн, 24-сентябрда кабарлашты.
Маалыматтарга караганда, 2013-жылы Аксы районунун Чий айылынын Д.Т. аттуу тургуну өз үйүндө белгисиз адамдар тарабынан өлтүрүлгөн. Иликтөөдө аталган жаран үй-бүлөсүнүн кетип калгандыгына байланыштуу жалгыз жашап келгени аныкталган. Бирок ал учурда кылмышка шектүү адам табылган эмес. Кылмыштын бетин ачуу үчүн жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында Д.Т. каза болгон күнү аны менен чогуу А.А. аттуу жаран жүргөндүгү белгилүү болуп, шектүүнү издөө иштери жүрүп баштаган.
Жакынкы убакта буга чейин из жашырып жүргөн А.А. укук коргоо органдары тарабынан колго түшүрүлдү. Иликтөөдө А.А. аттуу жаран Д.Т. аттуу жердеши менен алкоголдук ичимдиктерди ичип отуруп, ортодо чыккан уруш учурунда катуу ур-токмокко алып өлтүрүп алганы ачыкталган. Учурда аталган окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.