
* Мындан 106 жыл мурун, 1908-жылы хирург, медицина илимдеринин доктору, профессор, академик
Иса Ахунбаев Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында туулган. Кыргызстанда биринчи жолу жүрөккө операция жасап, көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калган Иса Ахунбаев Ташкенттеги Орто Азия мединститутун бүтүргөн. Ооруканада врач-ординатор, Кыргыз ССР Саламаттык сактоо эл комиссарынын орун басары, Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун ассистенти, доценти, кафедра башчысы, ректору, СССР ИАсынын Кыргыз филиалынын президиумунун төрагасы болуп иштеген.

* Мындан 46 жыл мурун, 1968-жылы америкалык актёр, продюсер, композитор, рэп ырчысы
Уилл Смит АКШнын Пенсильвания штатындагы Филадельфия шаарында төрөлгөн. Уилл Смит мектеп жашынан эле рэп менен алектенип, ыр дүйнөсүнө аздан аралаша баштайт. Балалыгындагы Ханзаада лакап атын сахнада чыгармачылык псевдоним катары колдонуп, кийинчерээк жакын досу, белгилүү рэп ырчысы Жефф Таунс менен биргеликте "DJ Жаззи Жефф жана Мыкты Ханзаада” деп аталган топ түзгөн. Кийин топтун алгачкы эки альбомунун бири “Мен рэп ырчысымын” ырлар жыйнагы “Грэмми” сыйлыгына татып, атактуулукка карай кадамдар арбыйт. Андан көп узабай эле аталган топ ырчылардын изденүүсү токтоп калганына байланыштуу тарап кетет. 1989-жылы Уилл Смитке Куинси Жонс аттуу кинорежиссёр тасмага тартылуу сунушу менен кайрылат. Жыйынтыгында актёрдун катышуусундагы “Бель-эйрдик мыкты Ханзаада” аттуу сериал жарыкка чыгат.
* Мындан 36 жыл мурун, 1978-жылы АКШнын Сан-Диего шаарынын үстүндө Боинг В727-214 учагы менен Цессна 172 учагы сүзүшүп, 2 учак тең турак үйлөрдүн үстүнө кулап түшүп, анын кесепетинен 144 адам каза болгон.